Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Кесипкөй мугалим” онлайн конкурс

2020-жылда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу, көпчүлүк иш-чаралар аралыктан өтүп жаткандыктан  Баткен областында  предметтик мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жана билимин жогорулатуу, өз кесибинин үстүндө иштөөгө шыктандыруу максатында   10 предмет боюнча “Кесипкөй мугалим” онлайн кароо-сынагы  болуп өттү.

Кароо-сынакта Баткен областтык билим берүү  усулдук  борбору тарабынан даярдалган предметтер боюнча онлайн тест жана онлайн тапшырмаларды аткарышып, мыкты кесип ээлери аныкталды.

Ошондой эле кароо-сынактын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети  тарабынан баалуу белектер уюштурулууда.

Жалпы предметтер боюнча:

1-орун     13 мугалим

2-орун     13 мугалим

3-орун     16 мугалим

Маалыматты даярдаган: 

Баткен ОПК                                           К.Акимов