«Кесип бирлигинин мүчөлөрүнүн социалдык колдоолорун мыкты уюштурган кесиптик уюм-2016» республикалык тармактык кароо-сынактын райондук туру жыйынтыкталды
Ноокен районунда 2016-жылдын 12-14-октябры күндөрү «Кесип бирлигинин мүчөлөрүнүн социалдык колдоолорун мыкты уюштурган кесиптик уюм-2016» республикалык тармактык кароо-сынактын райондук туру өткөрүлдү. Кароо-сынакка 9 мектептин, 7 бакчанын баштапкы кесиптик уюмдары катышты. Кароо-сынактын 38 шарттары боюнча аткарылган иштер жеринде комиссия тарабынан текшерилип чыгылды. Кесиптик уюмдардын активтери менен маектер, ангемелер өткөрүлдү. Кароо-сынак мектептер жана бакчалар боюнча жыйынтыкталып №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин жана №1 “Ак-Кайың” бакчасынын баштапкы кесиптик уюмдары жеӊүүчүлөр болушуп, облустук турга катышуу укугуна ээ болушту.
Комиссия мучөлөрү мектептер боюнча 1-орунду алган №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинде
2-орунду алган №11 Э.Алиев атындагы орто мектебинде
3-орунду алган №3 Алибоев атындагы орто мектебинде
3-орунду алган №35 Суеркулов атындагы орто мектебинде
Бакчалар боюнча 1-орунду алган №1 “Ак-Кайың” бакчасында
2-орунду алган №16 “Наристе” бакчасында
3-орунду алган №23 “Келечек” бакчасында
Материалды даярдаган Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.