Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесип бирлик комитетинин кезектеги отуруму

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы  Надыр Мамбетов мектебинде кезектеги кесип бирлик комитетинин отуруму болуп өттү. Отурумда 2018-жылда профсоюздун аткарган иштери, өткөргөн иш чаралардын мазмуну, материалдык жардамдар жөнүндө талкуу жүрдү. Кесип бирлик комитетинде 77 мүчө бар. Жыл ичинде майрамдарга карата кечелер, жайкы эс алуулар уюштурулган. 
Жаӊы 2019-жылга карата кесип бирлик комитетинин төрайымы Н.Тотоева иш пландарын түзгөн. Отурумда 2019-жылдын сметасы түзүлдү. Сметада каралган акча каражаты профсоюз мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусуна, майрамдарды өткөрүүгө, материалдык жардамга мукташ профсоюз мүчөлөрүнө жумшалат. 

 

Материалды даярдаган

Аксы районунун профкому

Н.Тотоева