Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесип бирлик бардык мүчөлөрүнө камкордук кылат.

Аксы районундагы Т.Үметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде мектептин кенже кызматкерлерине кесип бирлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келет. Жаны ишке кирген кенже кызматкерлерине атайын окуулар өтүлүп, профсоюз комитети жөнүндө түшүнүк берилип, арыздарынын негизинде уюмга мүчөлүккө кабыл алынат. Андан сырткары алар үчүн атайы эс алуу бөлмөлөрү уюштурулуп, ашкана кызматкерлери үчүн да толук шарттар түзүлгөн. Кенже кызматкерлер баарысы атайын жумуш кийимдер менен камсыз болгон. Балдарга билим берүүдө бул инсандардын да аябай салымы чоӊ. Кесип бирлик үчүн ар бир мүчөсү бирдей жана баарына тегиз кам көрүп келет.