Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Келишимдердин аткарылышы көзөмөлгө алынды

Жалал-Абад обкому “Жайкы эс алуу-2022” иш-чараларын турмушка ашыруу максатында эс алуу жайлары жана балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлору менен келишимдер түзүлгөн.

Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов жооптуу кызматкерлери менен 2022-жылдын 28-июль күнү “Арастанбап-Ата” турбазасында болуп, келишимдин аткарылышы боюнча иш-чаралардын жүрүшү менен таанышты.

Мугалимдердин балдары үчүн түзүлгөн шарттар, тамак-аштын сапаты, иш-чаралардын жүргүзүлүшү, коопсуздуктун сакталышы менен жакындан таанышып, балдар менен маектешти. Тарбиячылардын ой-пикирлерин, сунуштарын угуп, суроолоруна жооптор берилди.

Эс алуу жайында жүргүзүлүп жаткан иштер жагымдуу маанай жаратты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров