Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Келгиле окуйбуз” долбоорунун январь айындагы окуусу

     Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №3, 5, 8, 11, 13 мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери 2018-жылдын 13-январь күнү Кадамжай районундук билим берүү бөлүмүнө караштуу Пушкин атындагы орто мектебинде “Келгиле  окуйбуз” долбоорунун алкагында тренингден өтүштү. Бул тренинг 2017-жылдын ноябрь айында башталып, эки жылдык мөөнөт ичинде, же тагыраак 2019-жылдын февраль айына чейин улантылат. Аталган долбоор “Бирге окуйбуз” долбоорунун уландысы болуп саналат. “Бирге окуйбуз” долбоорунан айырмаланып, “Келгиле окуйбуз” долбоорунда башталгыч класстардын мугалимдеринен тышкары мектеп администрация жана мектеп китепканачылары да тартылып, окутулуп жатат. Тренингди окутуп жаткан улуттук тренерлердин катарында Кызыл-Кыя шаарынын мугалимдери да бар.   2018-жылдын 13-январь күнү “Сөз байлыгын өстүрүү” деп аталган модуль боюнча иш алып барылды. Буга чейинки окууларда “Тыбышты кабыл алуу жана алфавит менен таанышуу” деп аталган модулдар камтылган. Жалпысынан алганда тренингге башталгыч класстардын мугалимдери жигердүү катышып, тренинг материалдары жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүн, таркатма материалдардын сапаты эң мыкты экендигин айтышууда.