Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Келгиле окуйбуз" Лейлек районунда

2019-жылдын 2-март күнү , Лейлек районунун Самат атындагы орто мектебинде "Жаш- Тилек" орто мектебинин, Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин, "Беш-Бала" башталгыч мектебинин, Дыйканбай Жороев, Самат атындагы орто мектептеринин 2-4-класстарынын окуучуларынын, энелеринин, мугалимдеринин, коомчулуктун катышуусунда USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун элементтерин камтыган  8-март “Аялдардын Эл аралык күнүнө карата "Эне мээрими баарынан күчтүү" аттуу фестиваль болуп өттү.

USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун алкагында улуттук тренер Айнура Тагаева жетектеп, фестиваль Самат атындагы орто мектебинин эмгек жамааты тарабынан эн жогорку денгээлде уюштурулду. Мектеп жетекчиси Арыстанова Адалат Эргешовнага, ошондой эле мектептин жалпы жамаатына башталгыч класстарынын "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунда окуган мугалимдери Мавлютай Арыстановага, Кызжибек Убрайымовага, Садагул Ашимовага, Садагул Ганиевага,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстарынын усулчусу Женалиева Муниса Атакуловнага катышуучулар ыраазычылыгын билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева