Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Келгиле, окуйбуз!" долбоору жөнүндө учкай кеп

Окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоору Баткен облусунун Лейлек району жана Сүлүктү шаарынан долбоорго катышкан мектептеринин директорлору, Окуу бөлүмүнүн башчылары, китепкааначылар жана башталгыч класстын мугалимдерин тренерлер Н.М.Жапарова жана М.Турдыевалардын жетекчилигинде долбоор ийгиликтүү окутулду. Долбоор ишмердигине катышуучулар белгиленген убакта. 

1.Тыбышты кабыл алуу.
2. Алфавит менен таанышуу.
3. Шар окуу.
4. Сөз байлыгы.
5. Окуганын түшүнүү.
6. Инсанга багытталган окутуу.
7. Калыптандыруучу баалоо.
8. Шыктандыруу жана натыйжалуу кайтарым байланышты бекемдөө.
9. Классификацияланган окуу материалдарын колдонуу.
10. Коомчулуктун жана ата-энелердин китеп окууга катышуусу боюнча модулдарды өздөштүрүп чыгышты. Долбоордун мектептерде алып барган иштерине тренерлер Н.М.Жапарова жана М. Турдыева убагында байкоо жүргүузүп келди.

Ал эми модулдун окутулушун Баткен областындагы логистика боюнча ассистенти Эркебаев Осмон Мажитович көзөмөлдөп, тренигдерге катышып 2 жылдык долбоор "Исфана" орто мектебинде жыйынтыкталды. Учурда мектептер арасында Окуу жөндөмүн күчөтүү иштери алгылыктуу ишмердигин жүргүзүп келүүдө.

 

Материалды даярдаган 

Канатбек Кудаяров