Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Келечекке жол - алгачкы кадамдан башталат

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн Чынгыз Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүндө бүгүн 3-мартта жаш адистер Калпакбаев  Дастан  менен  Калпакбаев  Мирландын  “Новый МИР” деген темада “Робототехника”  ийриминин   шаардык  семинары   болду. Семинардын нагизги максаты - Роботтордун  кыймылынын коддун программалоону үйрөтүү болду.

Ийримдин мүчөлөрү 8 окуучудан (Френзе атындагы №3 орто мектебинин орус классынын окуучулары) турат. Бардыгы техникага кызыгуусу артып турган дилгир балдардан турган топ жетекчилери менен биргеликте шаарыбыздын  окуучуларына ,  жалпы семинардын катышуучуларына роботтордун кыймылынын коддун  кантип программалап    ишке  киргизүү керектигин демонстрациялап  беришти. Мектепте бардык эле балдар сыяктуу информатика, физика сабактарын окуп келгенибиз менен турмушта алган билимибизди колдонбой келебиз. Азыркы өнүгүү жолунда алган билимди  мезгилдин талабына ылайык колдонуп, илимдин ачылбаган  сырларын  турмушта  колдонуу  максатында  бүгүн  информатик- мугалаимдер  жаш адистер,  бир туугандар  Дастан жана  Мирлан Калпакбаевдер шаардын калдыктарын кайра иштетүү  үчүн  көрүлгөн  иш аракеттерди  роботтоштурууну  долбоорлоп  көрсөтүштү.

 

Семинардан кийин  тегерек стол болду. Тегерек  столдо бүгүнкү иш  чараны  жыйынтыктап жатып  Кара-Көл шаардык кеңештин  төрагасы  Бакыт  Кыргызалиев   “Жаш адистерге  колдоо көрсөтүү  максатында   мугалимдердин коммуналдык   төлөмдөрүнө   жеңилдиктерди  берип  колдоп коштооо керектигин   баса белгиледи. о.э. жаш  робототехниктерге  шаарыбыздын  өнүгүу жолун  таабуучу, туристик  шаарга  айландыруунун  макетин  түзүп чыгууну сунуштады, бардык жаштарды  мекенчил болууга чакырды”.

ШБББнүн башчысы Алымкан Мырзалиева жалпы семинардын катышуучуларын “Бүгүнкү 3-март туу күнү” менен куттуктап, жаш робототехниктердин семинарына  жакшы  каалоолорун билдирди.

ШБББнүн алдындагы окуу-усулдук кабинеттин жетекчиси, профком төрайымы Айгүл Каракозуева  “Бүгүнкү семинар максатына жетти, балдар роботттордун кыймылын коддоп программалай  алышты” - деген жыйынтыкты берди.

Семинарга келген мектеп жетекчилери, физик, химик мугалимдер ж.б. коноктор, окуучулар жакшы ой-пикирлерин айтуу менен, ийримге келип катышып мүчө болорун билдиришти.