Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Келечек муундардын майрамы

    1-июнь балдарды коргоо күнүнө  карата  мектепте  салтанаттуу азем соц.педагог Урусалиева Гулжан эжеке  тарабынан уюштурулду. Аземге мектептин башталгыч класс мугалимдери,  окуучулар, ата-энелер катышышышты. Мектептин соц.педагогу Урусалиева аземди ачып,  балдарды  майрамы  менен  куттуктады  жана аларга  кеӊ  келечек, бактылуу өмүр каалады.  Улуу жазгыч акыныбыз Барпы Алыкуловдун балдарга арналган ырларынан окуп берди. Андан кийин  башталгыч класс мугалими Сабирова Нургул майрамга карата  доклад окуду. Балдар  өз өнөрлөрүн тартуулашып, ыр ырдашты, бий бийлешти.

Даярдаган: Тагаева Нургүл Закиралиевна -№16 Ж.Турусбеков  атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы,  райКБКнын эмгекти коргоо боюнча коомдук тескөөчүсү,  «Билим, илим  профсоюзунун  отличниги»