Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кеңешип кескен бармак оорубайт!

Бүгүнкү күн өзгөчө башталды. Күн чайыттай ачык, аба таза. Көтөрүнкү маанай менен чогулуп, профсоюздук ишмердүүлүктө маалыматтык иштерди жакшыртуу боюнча Ноокен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов менен жолугуштук.

Анда профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык, укуктук маселелеринин чечилиши багытында жүргүзүлгөн иштер, алардын натыйжасы жана келечектеги пландар жөнүндө кызуу талкуу болду.

Кубанычбек Калдарович биздин ар бир оюбузду кунт коюп угуп, кубаттап, өзүнүн акыл насаатын берди. Агайдын кесипкөй, насаатчылыгы, жогорку денгээлдеги маданияттуулугу, адамгерчиликтүүлүгү мыкты жетекчи экендиги айгинелейт.

Биз борбордук комитети тарабынан жарыяланган «Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети» республикалык кароо-сынагынын алкагында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ишин чагылдыруу максатында кароо-сынакка катышып жаткандыгыбызды билдирдик.

Бул сынактын максаты абдан туура тандалган, себеби ар бир профсоюз мүчөсү үчүн аткарылып жаткан иштерди чагылдырып туруу, профсоюздук уюмдардын кадыр-баркын көтөрөт деп эсептейм.

 

Маалыматты даярдаган: №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин профкому А.Мурзакулова