Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КЕҢЕЙТИЛГЕН ПРЕЗИДИУМДА – ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ, ЖАҢЫ-ЖЫЛГА МИЛДЕТТЕР

Кесиптик бирликтин Баткен райондук комитетинин 2016-жылдын 29-январындагы кеңейтилген президиуму райондук комитеттин, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, Баткен ОПСнын төрагасы А.Казаков, Баткен ОКПнын төрагасы З.Бөтөков, Баткен раймамадминистрациясынын башчысынын - акиминин орун басары Т.Ибраимов,  айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мыкты социалдык өнөктөштөр – мектеп директорлору жана ПК төрагалары катышып өткөрүлдү.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды:

1. Райондук комитеттин билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдуу укуктарын жана эмгегин коргоо боюнча 2015-жылда аткарган иштери жана 2016-жылдагы милдеттери жөнүндө.

2. Райондук комитеттин 2016-жылдагы иштеринин планын бекитүү жөнүндө.

3. Райондук комитеттин 2016-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө.

4. 2016-жылга “Позиция профсоюза” жана “Мугалимдер дүйнөсү” гезиттерине жазылуу жөнүндө.

Жыйындын акырында 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты деп табылган алдыңкы социалдык өнөктөштөр сыйланды.

  1. Раймамадминистрациянын диплому жана акчалай сыйлыгы менен:

Мыкты айыл өкмөттөрү

    Самаркандек а.ө.                  - I орун

 Төрт-Күл а.ө.                                   - II орун

 Кыштут а.ө.                         - III орун

 

                        Мыкты балдар бакчалары

«Ак жолтой» б.б.                 Бужун айылы                        -I  орун

«Бала нур» б.б.                     Самаркандек айылы                        -II орун

«Гүлзар» б.б.                         Ак-Татыр айылы                  -III орун

 

  1. Райондук комитеттин акчалай сыйлыктары менен төмөнкү балдар бакчалары сыйланды:

 

«Барчын » б.б.                      Кызыл-Бел  айылы               -IV орун

«Алтын балалык» б.б.         Чоң-Кара айылы         -V орун

«Эдельвейс» б.б.                  Ак-Сай айылы                -VI орун    

 

  1.   РайБББнын жана РПКнын дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен төмөнкү мыкты социалдык өнөктөштөр сыйланды:

 

 Мектеп жетекчилиги боюнча:

    Б.Нарматов  а.о.м.                - I орун                      

    С.Эрматов а.о.м.                  - II орун

    Кара-Токой гимн.мект.       - III орун         

 

 Баштапкы кесиптик бирлик уюмдары боюнча:

               Б.Байназаров а.б.м.              - I орун           

               Чек о.м.                                              - II орун         

                Токтогул а.о.м.                                 - III орун 

Жетекчилер сыйлангандарды куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалашты.

 

РКПнын жетектөөсү адиси                           Б.Абдыразакова