Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кеңейтилген жыйын

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында билим берүү мекемелеринин директорлорунун жана билим берүү кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда кеңейтилген жыйын болуп өттү.

Чогулушка КР Жогорку Кеңешинин депутаты Нарматова Надира Азимовна, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ж.М.Субагожоев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Н.К.Тажибаева жана чакырылгандар катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Н.А.Нарматова билим берүү мекемелеринде кыздар кеңешинин иштерин кантип жандандыруу керектигине кеңири токтолду. Билим, тарбия алып жатышкан кыздарды тарбиялоодо өзүнүн акыл-кеңештерин айтып, билимдүү,  адептүү кыздарды тарбияланышына  билим берүү мекемелериндеги кыздар кеңешинин ролу чоң экенин ырастап, пландуу иштерди үзгүлтүксүз алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнө токтолуп, билим берүү кызматкерлеринин   укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдо жана ар бир эмгек жамаатында социалдык-экономикалык туруктуулукту сактоого айрыкча көңүл буруунун зарылдыгы баса белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети