Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Күчтүүлөрдүн, шамдагайлардын таймашы

Күчтүүлөрдүн, шамдагайлардын таймашы

    17-19-мартта билим берүү кызматкерлеринин облустук «Ден соолук - 2016» спартакиадасы Кара-Көл шаарында уюшкандыкта өткөрүлдү.

    Ага Жалал-Абад облусунун 12 район, шаарларынан командалар катышты.

    Алар спорттун волейбол, ордо, стол үстүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча күч сынашты.

    Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жалпы командалык эсепте 1-орун Жалал-Абад шаарынын (56 упай менен), 2-орун Токтогул районунун (54 упай менен), 3-орун Аксы районунун (42 упай менен) спортсмендерине ыйгарылды.

    Оюндардын жыйынтыктары улуттук категориядагы башкы калыс Г.Жаркинбаеванын жетекчилиги менен чыгарылды.

    Спартакиаданын ачылышы менен жабылышында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы К.Мурзакматов кеңири сөз сүйлөдү.

    Спартакиаданын катышуучуларынын атактуу спортсмен, оор атлет, дүйнөнүн чемпиону К.Осмоналиев менен жолугушуусу кызыктуу болду.

    Жеңүчүлөргө командалык, жеке тартипте дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

    Мелдештердин уюшкандыкта өтүшүнө Кара-Көл шаарынын мэриясы жагымдуу шарттарды түзүп берди.

   

Профсоюздун Жалал-Абад обкому.