Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Күчтүү даярдык менен өткөн сынак.

 

2014-жылдын 18-19-март күндөрү "Жыл мугалими-2014" кароо сынагынын райондук туру жыйынтыкталды. Жылдагыдан айырмаланып калыстар тобунун курамы жаш чыгармачыл мугалимдерден, жыл мугалимдеринен түзүлүп, комиссиянын мүчөлүгүнө райондук профсоюз комитетинин төрайымы С. Шанабаеванын сунушу менен баштапкы профсоюз уюмунан дагы калыстар тобуна кошулду.  Ошондой эле сынактын калыс, адилет өтүүсү үчүн 5 адамдан турган  байкоочу кеӊеш түзүлдү.

 Сынак 2 тур менен өткөрүлдү. Биринчи туру М. Гапаров жатак гимназиясында ачык сааттар өткөрүлдү. Ачык сааттардын темалары 1 күн мурда берилип, сабак активдүү өткөрүлдү. Бирок калыстар тобунун төрагасы З. Мамасадыков сабактарда инновацияны колдонууда айрым кечиликтер бар экендигин, слайддарды колдонуу эрежелерин дагы тереӊ оздоштуруу зарыл экендигин билдирди. 
Сынактын сахналык туру А. Абдувоитов орто мектебинде болуп, презентация, масттер класс, табылгалар болуп, тесттик тапшырмалар берилди. Сынактын өзгөчөлүгү ар бир тапшырма аткарылгандан кийин, убагында анализдин, критерийлери менен берилип тургандыгы болду. Сынактын жыйынтыктоо бөлүгүнө билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев жана райондук профсоюз комитетинин төрайымы С. Шанабаева,  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жумагүл Абдыкааровна катышып,  жыйынтыгында К. Жолдошов орто мектебинин мугалими Сатиева Аймира 1-орунду, Т. Темиралиев орто мектебинин мугалими Патаева Клара 2-орунду, Арбын орто мектебинин физика мугалими Кадирова Апал 3- орунду ээлеген болсо, ал эми Найман орто мектебинин мугалими Махмудова Феруза "Сабактардын сабагы", М. Эргашев орто мектебинин мугалими Жораев Ислам " мыкты табылга" жана башка номинациялар жана башка ардак грамоталар баалуу белектер менен сыйланды. Сынак күчтүү даярдык менен өттү. Эгерде облустук турунда дагы ушундай даярдык менен өтсө игилик сөзсүз болот деп билдирди М. Маматалиев.  
Сынактын жеңүүчүлөрүнө райондук просоюз комитетинин  төрайымы Сонунбүбү Шанабаева тарабынан 10 миң сомдук баалуу сыйлыктар тапшырылды. 

 

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын басма-сөз катчысы:                         Мамасадыков З. А