Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Катышуучулар ыраазы болушту

Ноокат районундагы А. Абдуллаев атындагы орто мектепте математика сабагы боюнча “Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздериндеги математикалык сабаттуулукту өстүрүү” темасында усулдук семинар болуп өттү.

2024-жылдын 2- март күнү райондогу Тажибай атындагы орто мектепте окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн башталгыч класстарда “Формирование функциональной грамотности младших школьников” деген темада областык деңгээлде семинар уюштурулду.

Семинарларга билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Н.Тажибаева катышты жана семинарлардын ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, уюштуруучуларга баалуу белектерди жана ардак грамоталарды тапшырды. Катышуучулар ыраазычылыктарын айтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети