Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына карата

Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында жайгашкан Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети ири окуу жайлардын бири катары 1940-жылы 13-июнда Кыргыз ССРинин Эл  Комиссарлар Советинин токтому менен эки жылдык мугалимдер институту болуп  ачылган. 

      Согуштан кийинки   өлкөнү калыбына келтирүү өнөктүгүндө институттун студенттеринин, окутуучу-агай эжейлердин эмгеги зор болгон. Жалпы жамаатын мындай аракеттери элдин ишенимин жаратып, урмат сыйга татыктуу кылганы бекеринен эмес.

       Мына ошондон улам СССР Министрлер Советинин 1953-жылдын   22-апрелиндеги чечими менен  мугалимдер институтунун базасында Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институту уюштурулган.

      Жалпы Кыргызстандын аймактары үчүн педагог адистерди даярдоо ишин жаӊы баскычтарга көтөрүп, республиканын эӊ алдыӊкы окуу жайларынын бири болуп эсептелген.

      1991-жылга чейин союздун курамында болгон Кыргыз мамлекети өз алдынча көз карандысыз өлкө болуп түптөлгөндөн баштап, университет да жаӊы багытка карай жол алып, бир катар ийгиликтерге жетишти.

      Алып айтсак, 1992-жылы 18-декабрда окуу жайыбыз университетке айланып, ага  кыргыздын чыгаан уулу, таланттуу окумуштуу-тилчи, элибиздин тунгуч профессору Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылган.

      Университеттин ачылышы мектептер менен орто жана жогорку окуу жайларды, агартуу мекемелерди, мамлекеттик  башкаруу органдарын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга жол ачты.

      Быйыл 13-июнда белгилене турган университеттин 75 жылдыгы узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына даӊазалап айта турган зор дөөлөт окуя катары каралууга тийиш. Себеби, 75 жыл тарых ченеми менен алганда көз ирмемчелик убакыт болгон менен, университеттин өсүп-өнүгүүсүндө, анда иштеп, окуп, өмүр кечирген миӊ сандаган адамдардын оош-кыйыш турмушуна келгенде  чоӊ мезгил.

      «Аккан арыктан суу агат»,- дегендей окуу жайыбыздан бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жогорку жана жергиликтүү Кеӊештин депутаттары, адабият менен маданияттын, илим менен билимдин таанымал өкүлдөрү чыкканы белгилүү.

      Профсоюз комитетинин тарыхы университетибиздин баскан жолу менен катарлаш.

      Университеттин профсоюзу өткөн кылымдын 40-жылдарында эки жылдык мугалимдер институтунун курамында түзүлүп, кийин университет болгондо да, ар дайым кызматкерлерди жана студенттерди социалдык жактан коргоо, жамааттык келишимдин шарттарын аткаруу ишине

катышуу, эмгек акынын деӊгээли, аны өз убагында алуу, жумуш убагынын режимин сактоо, эмгекти коргоо, эмгектин коопсуз шартын түзүү, жумушка алуу жана иштен бошотуунун мыйзам чегинде жүргүзүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү, жамааттын эс алуусун жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу, маданий-массалык, спорттук, ден соолукту чыӊдоо иштерин жүргүзүү болуп келген.

      Профсоюз комитетинин жетекчилигине  жогорку категориядагы адистерди, ишкердик сапаттары менен  өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди шайлап келишкен.

      Алар: З.Бабаназарова, Д.Стамов, К.Ибаков, О.Карашев, Р.Бекмухамедова, К.Бектурганова, Б.Муратов, З.И.Плех, Г.Т.Алдеева профсоюздун ишмердигиндеги алгылыктуу иштерди жүргүзүп, үзүрлүү эмгек өтөшкөн.

      Адамдын адамдык сапаты, нарк-насили, жүрүм туруму, аброю, анын кылган кызматы, аткарган иш аракети менен  аныкталары турулуу иш. «Эл эмгегин жер жебейт»,-демекчи, мурдагы профсоюз кызматкерлеринин эмгектери элдин эсинде. Алардын жасаган иштери кийинки муунга  өрнөк болору шексиз.

      Учурда профсоюз комитетин Каракол шаардык Кеӊештин үч жолку чакырылышынын депутаты, Каракол шаарынын ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги Алымбаев Кенжебек Ишенбаевич жетектейт.

      Бүгүнкү күндө профсоюз түзүмүндө  7 факультет,  26 кафедра, техника-экономикалык  колледж, үзгүлтүксүз билим берүү борбору бар. Профессордук-окутуучулардын курамы 282, окууга көмөкчү кызматкерлер 70, административдик башкаруу кызматкерлер 83,          административдик-чарбалык  жумушчулар 107,  күндүзгү бөлүмдөгү студенттер  2623 анын ичинен 779 бюджет бөлүмү, 1463 контракт бөлүмү,  колледж 381).

      Мезгилдин талабына ылайык, азыркы учурда студенттик профсоюздук кыймылын өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери орчундуу орунду ээлейт.

       Профсоюздук жаш активисттер  бул кадрдык эң күчтүү таянычыбыз.               

       2013-жылдан баштап, университеттин студенттик профсоюзунун лидерлери:  төрагасы  Сагынбеков Бактияр Нурбекович, мүчөлөрү: Амандыкова Айдана Амандыковна, Намазбеков Бактияр Азизович, Балабекова Салтанат Джанылыковна,  Гашаева Нафисат Барисовна, Жолдошева Аида Жолдошевналар профсоюздук  иштерди  аткарууда  өзүлөрүнүн  эрктүүлүгүн,  ишмердүүлүгүн  уюштуруучулук  жөндөмдүүлүгүн  көрсөтүшүүдө.                                                                                             

       Кызматкерлерге жана студенттерге акчалай жана материалдык жардам көрсөтүү, алардын санатория-курорттордо дарыланышы, балдардын ден соолугун чыңдоочуу борборлорго жолдомолорду бөлүштүрүү, спорттук саламаттыкты чыңдоочуу лагеринде  эс алууну уюштуруу маселелерин чечүү университеттин профсоюзунун ишмердигиндеги маанилүү багыттар болуп саналат.

       Профсоюз мүчөлөрү курорт, санаторий жана дем алуу үйлөрүндө  акысыз эс алышат.

      Каникул учурунда балдардын жайкы эс алуу борбору болгон «Илим»  лагеринде  окутуучулардын  балдары эс алышат.

      Санаторий- курортторго  путевкалар профсоюз мүчөлөрүнүн жеке кайрылууларынын  жана медициналык мекемелердин жолдомолорунун  негизинде бөлүнөт. Путевкалардын жетишсиздигине жана  кайрылуулардын  көптүгүнө  байланыштуу кандайдыр бир дэӊгээлде дарыланууну жана эс алууну чечүү максатында Жыргалаӊ курортуна, “Түп-Маяк”  Ысык-Көл  областык  спорттук  ден соолукту  чыңдоочу  борборуна  эс  алдырууну  уюштуруп турабыз. 

      Университеттеги өткөрүлүүчү маданий-массалык иштердин бардыгына профсоюз комитети өз салымын кошуп келет. Юбилярларды куттуктоо, белгилүү даталарга арналган кечелер, майрамдарга арналган салтанаттар боюнча иш-чаралар профсоюз комитетинин иш-планына киргизилген. 

       Университеттин профсоюз комитети, профсоюздардын областык, республикалык жогорку уюмдары, Кызыл жарым ай коому, «Аялзат» бирикмеси, «Камкордук» коомдук уюму менен тыгыз байланышта иштейт. Профсоюз комитетинин кайрылуусу менен университетибиздин       турмуш-шарты оор үй-бүлөөлөрдүн балдарына гуманитардык жардамдар, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге атайын стипендиялар ыйгарылат.      

      Университеттин  бириккен профсоюздар комитетинин демилгеси менен  кыргыз тилин алгачкы түптөөчүлөрдүн бири, агартуучу, аалым  Кусейин Карасаевдин  өмүр жолун, эмгектерин кеңири жайылтуу, кыргыз тилинин кадыр-баркын көтөрүү максатында  “Аалымдар дүйнөсүнө саякат”  аттуу иш-чара өткөрүлүп,  студенттер , окутуучу  кызматкерлер К.Карасаев музей комплексине алып барылып  келинип  турат. Иш-чарага кеткен чыгымдар бириккен профсоюздар комитетинин  бюджетинен төлөнүп берилет.      

      К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитети ректорат менен профсоюз комитетинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу жамааттык келишимдин негизинде иш алып барат.  Окутуучулар менен кызматкерлердин жакшы шартта эмгектениши, студенттерибиз жакшы шартта окушу талапка ылайыктуу. Профсоюз мүчөлөрүнүн эмгек шартын жакшыртуу боюнча  үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүүдө. Аудиториялардын жылуу, жарык болушу,  жаӊы  эмеректер менен камсыз кылуунун үстүндө алгылыктуу иштер жүрүүдө. Зыяндуу шартта эмгектенген окутуучулар, программистер, китепкана кызматкерлери, лаборанттар жана тейлөө кызматкерлерине   15 жана 25 пайыздагы эмгек маянасына кошумча акы төлөнөт. 

       Муктаж болгондорго профсоюз комитети тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлүп турат.

       Жатаканада жашаган студенттердин жашоо шарттарына көӊүл  бурулуп, ал жерде  өткөрүлгөн  маданий-массалык, спорттук  мелдештерге  материалдык  колдоо  көрсөтүлүп турат. Жетим студенттер жатаканада акысыз  жашашат.  

       2014-жылы профсоюз комитетинин жана ректораттын демилгеси менен студенттердин  жана окутуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында жатаканада медициналык пункт ачылып, керектүү заманбап жабдуулар менен жабдылып, студенттер, кызматкерлер жана  окутуучулар  акысыз даарылануу, дантист жана терапевт адистерден консультация алуу  мүмкүнчүлүгүнө ээ.               

       Комитеттин алдында спортклуб иштейт. Ар бир  окуу жыл ичинде   биринчи курстар аралык, факультеттер аралык окутуучулардын «Ден соолук» спартакиадалары өткөрүлүп турат.  Спорттук иш-чараларды өткөрүүнүн максаты  студенттик жаштардын    ден-соолугуна өбөлгө түзүү жана  чоӊ спортко курама командаларды топтоо болуп саналат. Бул максаттарды ишке ашыруу багытында жаштарды спортко тартуу, ден соолугу чыӊ келечекти тарбиялоо максатында жабык спорт ордосу курулууда. Спорт ордо учур талабына ылайык жабдуулар, жуунуучу жай  менен жабдылып, университетибиздин 75 жылдык мааракесине карата ачылып, толук кандуу ишин баштайт.                    

       ЫМУнун профсоюзу республиканын башка профсоюз уюмдары жана бирикмелери менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.                                   

       Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен профсоюздар комитети азыркы убакта бутуна бекем турган,  профсоюз кыймылын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, профсоюздун ар бир  мүчөсүнүн кызыкчылыгындагы накта жана чыныгы иштердин негизинде өзүнүн кадыр баркын көтөрүү боюнча алдыда асыл  максаттарды  жана  милдеттерди койгон күчтүү уюм болуп саналат.

 

 

 

Бириккен  профсоюздар

комитетинин төрагасы                                                        К.Алымбаев