Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Колдоо ирээтинде акча каражаты бөлүнүп берилди

2023-жылдын 6-декабрында Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы В.И.Ленин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ашпозчусунун жардамчысы Чынара Исмаилова ашканада жумуш үстүндө 40 литрге жакын кайнап жаткан бачоктогу шорпону алам деп жатып, төшүнөн ылдый буттарына чейин күйүп калган.

6-декабрдан 11-декабрга чейин райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланды. Күйүк дененин 40-45 пайызы болгондуктан Бишкек шаарынан атайын медициналык автоунаасы келип, Бишкек шаарына дарыланууга 11-декабрда жетикирилген.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Өгүз райондук комитети тарабынан мыйзам чегинде болгон кырсыкты иликтөө боюнча мектеп админстрациясынын буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, учурда кырсыкты иликтөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Өгүз райондук комитетинин төрагасы Ө.Молдокматов жабырлануучу Ч.Исмаилованын ден-соолугун, жагдайын билүү жана материалдык колдоо көрсөтүү үчүн ооруканага барып, жабырлануучунун ал-акыбалын сурап тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети Өгуз райондук комитетинин президиумунун чечиминин негизинде Ч.Исмаиловага 10 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жети-Өзүз райондук комитети