Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Карыяларды кадырлоо”

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 “Мишутка” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Обком тарабынан өткөрүлүп жаткан “Карыяларды кадырлоо” акциясын улантты. 2020-жылдын 21-октябрында  Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 “Мишутка” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Обком тарабынан өткүрүлүп жаткан “Карыяларды кадырлоо” акциясын улантты. №1 “Мишутка” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы, Жаштар Кеңешинин мүчөсү М.Мүсүралиева жалпы жамаатты 19-октябрь социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Атайын сый тамак уюштурулуп эмгек ардагерлерин куттуктады. Бардык кызматкерлерге ишине ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, ден-соолук каалады. Коомдук иштерге активдүү катышып, жаш муундарды тарбиялоодо ийгиликтерге жетишкен "Мандалак" тайпасынын тарбиячысы Ч.Борбиева Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. №1 “Мишутка”мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Г.Кубанаева баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы жаш экендигине карабастан бир нече алгылыктуу иштерди аткарып жаткандыгын айтып, профсоюз кызматкерлеринин майрамы  менен кызуу куттуктады. Ошондой эле юбиляр кызматкерлерге атайын уюштурулган сый белектер тапшырылды. Жалпы жамааттын атынан Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловго, Обкомдун төрагасы А.Исмаиловго жана шааркомго терең ыраазычылык билдиришти.

Материалды даярдаган: №1 “Мишутка”мектепке чейинки билим берүү

мекемесинин баштапкы профсоюз уюмунун башчысы  М.Мүсүралиева