Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карысы бардын ырысы бар

        1-октябрь Эл аралык карылар күнү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген. 26 жылдан бери кыргыз эли бул майрам күнү карыларга жылуу сөзүн айтып,  жакшы тилектерин билдирип, кадырлап келет. 1-октябрь – Карылар күнүнө карата  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан атайын иш чара уюштурулуп, райондун мектептеринин ардагер мугалимдери чакырылды.

        Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев,  Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  К. Нышанов аларды майрамдары менен куттуктап, каалоо сөздөрүн айтышты жана белектер тапшырылды. Ардагер агай, эжекелерибиз жетекчилерге көңүл буруп, сыйлап чакыргандыктары үчүн  ыраазычылыктарын билдиришип, баталарын  беришти.

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү

Т. Бакиров