Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Карысы бардын ырысы бар"...

Элибизде  "Карысы бардын ырысы бар" деген кеп бекеринен айтылбаса керек.ошондой эле  "Карынын кебин капка сал" дейт эмеспи анын сыңары, ак сакалдуу  аталардын кеби, ак элечектүү апалардын акылы туңгуюктан жол таап,  келечекти көро билүүсү менен жаш муундарды туура жолго тарбиялап келишет. Ушундай карылардын катарын толуктап,бирок жаш муундарга билим берип, өз билимдерин аябай келип жаткан мугалимдерибизден уучубуз куру эмес.1-октябрь карылар күнүнө карата  Таш-Көмүр шаарындагы №7 Кузембаев атындагы гимназия класстары бар орто мектебинде өзгөчө майрамдык маанайлар тартууланып,окуучулар сүйүктүү агай-эжекелерине гүлдестелерди берип,сүйүндурүштү.Сиздерди жылдар улгайтса дагы,мамлекетине пайдасы тийип,жаш муундарды тарбиялоодо чоң салым кошуп жаткандарына ыраазычылыкт айтышты.Карылар-мамлекеттин пайдасы.

 

Даярдаган:Эгизалиева Элмира Жаркынбековна