Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Карылар күнүнө карата колдоо көрсөтүлүүдө

“2017-жыл-ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында улгайган адамдарга колдоо көрсөтүү максатында, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков Баткен шаарынын  93 жаштагы жашоочусу Разия Гизатулинаны карылар күнү менен куттуктап  акчалай материалдык жардамын тапшырды.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн,  областтык мекеме ишканалардын жетекчилери областтын аймагындагы улгайган адамдарга колдоо көрсөтүү жөнүндөгү катынын негизинде ар бир областтык мекеме-ишканалар 15-сентябрдан 15- октябрга чейин өздөрүнө бөлүнгөн район, шаарлардагы улгайган адамдарга колдоо көрсөтүшүүдө.

 

 

 

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис                                     К.Акимов