Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

2021-жылдын 30-апрель күнү Өзгөн районундук билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллгегиясы болду. Коллегияга Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Кенеев,  Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов коллегия мүчөлөрү жана мектеп директорлору катышты. «Жыл мугалими-2021» кароо-сынагынын женүүчүлөрү жана бардык катышуучулары райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук профсоюз комитетинин I, II, III даражадагы диплом, Ардак грамоталары жана   Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктары менен сыйланды. Мындан сырткары «Мен Кыргызстандык  экендигиме сыймыктанам» кароо-сынагынын  областтык турунда даярдаган окуучулары I орунга жетишкен Өзгөн райондук балдардын чыгармачылык борборунун ийрим жетекчилери Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райпроф комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов