Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынактын областтык туру жыйынтыкталды

2023-жылдын 20-ноябрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Борбордук комитети тарабыныан уюштурулган «Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик  комитети” республикалык кароо-сынагынын областтык туру жыйынтыкталды.

Областтык турда жеңүүчү болгон билим  берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети (төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдарович) республикалык кароо-сынакка катышуу укугун алды.

Областтын баштапкы кесиптик бирлик уюмдары ортосунда уюштурулган кароо-сынакта Ноокен районунун №14 Н.М.Губкин атындагы орто мектебинин (төрайымы Кулназарова Таттыбү Тынычбековна) жана №49 “Таштак” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин (төрайымы Абдумуталипова Айгумуш) кесиптик бирлик уюмдары жеңүүчүлөр деп табылды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров