Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынакка даярдыктар талкууланды

2023-жылдын 3-апрелинде Жалал-Абад облустук комитеттинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “Маалымат иштерин  уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагына даярдык  иштеринин жүрүшү тууралуу талкуу болуп өттү.

Талкууга Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.Исмаилов жана жооптуу  кызматкерлер А.Айдаров, З.Сулайманов, Ноокен  райондук комитетинин төрагасы  К.Нышанов, Ноокен районунун №6 “Арал” орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы А.Эргешова,  №16 Турусбеков атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы А.Мурзакулова жана №42 “Нур-Айым” бакчасынын кесиптик уюмунун төрайымы Ж.Тешебаева катышышты.

Облустук комитетинин төрагасы А.Исмаилов баштапкы кесиптик уюмдардын төрайымдарына даярдыктар боюнча маалыматтар менен тааныштырып, сунуштарын берди.

Ал эми Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов кароо-сынак боюнча уюштуруу иштерине усулдук материалдар менен көмөк көрсөтүлүп, баштапкы кесиптик уюмдардын төрагаларына атайын семинар өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров