Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынак боюнча облустук жеңүүчулөр усулдук жардам беришти

            “2017-жыл  Ыйман,  адеп  жана  маданият  жылы”  иш-чараларынын   алкагында     2017-жылдын  22-мартында Ноокен  районунун  Усулдук  Борборунда  «Мыкты  кесиптик  уюм  жана төрагасы-2017”    кароо-сынагынын   катышуучулары  менен   тегерек  стол  өткөрүлдү.   Анда 9 айыл  аймактан  мектептердин  жана бакчалардын  2017-жылда  кароо-сынакка  катышуучу   кесиптик  уюмдардын  төрайымдары ,  2015-жылдын  облустук  женүүчүсү-№16 Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  төрайымы-Тагаева  Нургул, 2016-жылдын  облустук  женүүчүсү-№1 “Ак-Кайың”   бакчасынын төрайымы  Айдакеева  Асийпалар катышты. Тегерек  столду  райКБКнын  тескөөчүсү  А.Айдаров  алып  барып, Борбордук  Комитетин Президиумунун  2017-жыл  1-февралындагы  №9/1  токтому  менен  бекитлген  “ Тармакта  адептүүлуктү  жогорулатуу  жана  укуктук  маданият  иштерди  мыкты  уюштургандыгы  үчүн!”  республикалык  кароо-сынактын  21 критерийлери  боюнча  түшүндүрмө  берди. Катышуучуларга  2015,2016-жылдардын  жеңүүчүлөрү   иш  тажрыйбалары  жөнүндө  маалыматтар  беришти.  Кароо-сынактын Жобосу  боюнча  суроо  жооптор болду. Жыйынтыгында  катышуучулар  кароо-сынак боюнча  толук  маалыматтарга  ээ  болушту.

Материалды  даярдаган, Ноокен  районунун   №4  “Алтын  Бешик”  бакчасынын  кесиптик  уюмунун  төрайымы  Батыркулова  Салтанат