Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кароо-сынак

Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртууда үч тараптуу жамааттык келишимдердин негизинде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү багытында райондордогу баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын арасында 2023-жылдын 19-декабрында областтык кароо-сынак өткөрдү.

Жыл башында кароо-сынакты өткөрүү боюнча 15-пунктан турган тизмек (критерий) каралып, негизинен үч тараптуу жамааттык келишимдердин маани-маңызы, кызматкерлердин социалдык абалдарын жакшыртуу маселелери, эмгекти коргоодо кандай шарттарды түзүп берүү керек, өнөктөштөрдүн материалдык жардамдары, жергиликтүү бюджеттен көрсөтүлгөн көмөктөр туралуу маселелер камтылган.

Иш-чаарага Алай, Кара-Суу, Өзгөн райондорунан 7 баштапкы кесиптик бирлик   уюмдары катышышты.

Жыйынтыгында Кара-Суу районунан катышкан Сматов атындагы орто мектеби I орунду, Өзгөн районунан катышкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби II орунду, III орунду Кара-Суу  районундагы Момбекова атындагы орто мектебинин баштапкы кеиптик бирлик уюмдары ээлешти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ош областтык комитети