Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Карегимде Мекеним, Баатырдын ысмын алган мектебим” аттуу областтык семинары болду

2021-жылдын 23-апрелинде Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүндө шаарыбыздын Д.Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Мадышова Миргүл Жийдебаевнанын Д.Шопоковдун 106 жылдыгына карата “Карегимде Мекеним, Баатырдын ысмын алган мектебим” аттуу областтык семинары болду. Семинарга  алыстан ат арытып баатырдын Шалта айлынан Дүйшөнкүл Шопоковдун мемориалдык музейинин жетекчиси Көбөгөнова Клара апа жана ошол эле айылдагы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Оморова Айнура эжекебиз, ошондой эле Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Н.Жоошбаев, Токтогул районунан келген тарых сабагынын мугалимдери, шаарыбыздын мектептеринен тарых мугалимдери, Кара-Көл шаардык мериянын вице мери Г.Ө.Сатарова, ШБББнүн башчысы А.Б.Мырзалиева, профком төрайымы Каракозуева А катышкан чоң салтанат болду. Семинар зор уюшкандыкта өтүп, семинардын катышуучуларына жакшы пикир жаратты. Алсак М.Мадышова мындан бир нече жыл мурда баатырдын айылына барып Керимбүбү апабыз менен жүз көрүшуп келген, ошол күндөн баштап мектептин жааматы Шалта айлынан чыккан баатыр атанын, баатыр апанын эли менен тыгыз байланышта болуп келишет.

“Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун” дегендей  Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, 28 баатырдын бири, эң биринчи кыргыз улутунан чыккан Советтер Союзунун Баатыры наамын алган атабыз Дүйшөнкул Шопоковдун жана анын жубайы Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова азыркы муунга уламыш катары, тарыхтын барактарынан таанылып келет. Легендарлуу баатырдын 106 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн чакырылган коноктордун, анын ичинен Клара апанын  арнап алып келген белектерин: бааатыр жубайлардын портретин, атайын даярдалган буклеттерди жана “Баатырдын баатыр жары” автору М.Тентимишевдин китебин мектептин директору Р.К. Бердигуловага  тапшырды.  Клара апа өз сөзүндө Кара- Көл шаарынын жалпы элине ыраазычылык билдирди, биздин атабыздын ысмын алып жүргөн Д.Шопоков атындагы №4 мектептин жалпы жааматына батасын берип, бүгүнкү кылган иш-чараңар да эртеңки тарых барактарына жазылат, баатырлар согуш талаасында эле жаралбайт, бүгүнкү күндүн баатыры силерсиңер, себеби силер бүгүн тарыхта кала турган эскерүү өткөрүп жатасыңар” – деп ыраазычылыгын билдирди. Ооба, чындыгында бүгүнкү семинар бардык семинардын катышуучуларына жана окуучуларга башталгандан бүткөнгө чейин тематикалуу даярдыгы, батырдын өзүн, баатырдын баатыр жубайын, алардын өмүр баянын, 28 баатырдын эрдигин жогорку деңгээлде таанытты, балдардын патриоттук сезимдерин ойготту.

Семинардын  жүрүшүндө  Р. Тезекбаеванын жетекчилиги менен  баатырды согушка узатуудан бир көрүнүш, тылда калган Керимүбү апанын кызылча талаасында бригадасынын ишинен дагы бир  элес,  Кара- Көл шаарындагы 718 аскердик бөлүктүн командири С.Ш.Бакыев көмөк көрсөткөн согуш талаасындагы жоокердин чатыры, тамагы, куралдуу күчтөрдүн символу болгон согуш танкасы, жоокер кийимчен  уул- кыздарыбыз, эжекелерибиз, патриоттук музыкалык кайрыктар, ырлар, бийлер, өчрөс полктун парады баштаган баатырдын эстелигине гүл чамбар кою аземи бардык семинардын катышуучуларын кайдыгер калтырган жок. Семинардын экинчи бөлүгундө М.Мадышова “Эрдиги, эмгеги менен таанылган баатырлар элдин эсинде”, А.Ибрагимова “Эрдиктер эскирбейт”, М.Маматова “Жеңишти тартуулаган баатырлар” деген темада ачык сабактарды  өтүшсө, Н.Жолоева Д.Шопоковдун элесине арналган көргөзмө менен тааныштырып, “Баатырдын эрдиктери” деген темада презентация жасады.

“Миң уккандан бир көргөн” дегендей  баатырдын айлынан келген Клара апа менен Айнура эже биз үчүн Дүйшөнкүл атабыз менен Керимбүбү апабыздын өз кыздарынын элесин берип, чоң таасирлерди калтырышты.

Мына ушундай тарыхый жолугушууну уюштурган жалпы Д.Шопоков атындагы №4 жалпы орто билим берүу мектебинин жалпы жааматынын ишине ийгиликтерди каалайбыз!   

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Көл шаарынан Т.Орозова