Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарынын билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы

Каракол шаарынын билим берүү  бөлүмүнүн коллегиясы болуп өттү. Коллегияда негизги маселелердин бири  жалпы билим берүүчү орто мектептерде 2016-2017-окуу жылындагы окуучуларды  класстан класска көчүрүү сыноолорун, мамлекеттик жыйынтыктоо аттестацияларын өткөрүү жана 9- 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди тапшыруунун жыйынтыктары, билим сапаты жана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары тууралуу  маалымдама берилди.

     Анда Каракол шаарынын жалпы билим берүүчү мектептерде 2016-2017 окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билими тууралуу аттестаттарын тапшыруу иш чаралары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын   21-апрелиндеги №486/1,  Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-жылдын  3-майындагы №50/2-п буйруктарына ылайык 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктөрү 2017-жылдын 20-июнунда , ал эми 11-класстын окуучуларына жалпы орто билими жөнүндө аттестаттар 2017-жылдын 24-июнунда тапшырыла тургандыгы жөнүндө айтылды.

 Жогоруда  аталган тапшырууга  арналган  салтанаттуу иш чараларын уюшкандыкта өткөрүү жана бул иш чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында ар бир мектепте иш-чараларды өткөрүү үчүн мугалимдерден, коопсуздук кызматынан, ата-энелерден жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте дежурстволор уюштурулуп, салтанаттуу иш чаралар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, билим берүү, укук коргоо органдарынын жана ата-энелер комитеттеринин катышуусу менен уюшкандыкта өткөрүлдү.

   2016-2017 окуу жылында Каракол шаарындагы  10 мектепти баардыгы 11917 окуучу аякташты.  Ал эми 11-класстарды 646 окуучу, анын ичинен 1 окуучу артыкчылык аттестаты менен, 9 класстарды 1061 окуучу, анын ичинен 28 окуучу өзгөчө белгидеги күбөлүктөрү менен аякташты.

Ал эми 2017-жылдын 12-майында №4 гимназия мектебинин базасында 2016-2017 окуу жылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук тестирлөө борбору тарабынан артыкчылык аттестатына тестирлөө болуп, шаардык мектептерден 12 талапкерлер ( №1 инновациялык мектеп-гимназиясынан 2 бүтүрүүчү, №3 мектеп гимназиясынан3 бүтүрүүчү, №4 гимназия мектебинен 1 бүтүрүүчү жана №5 орто мектебинен 2 бүтүрүүчү, №11 мектеп-гимназиясынан 4 бүтүрүүчү) катышып, жыйынтыгында №11 мектеп-гимназиясынын  1 окуучусу артыкчылык аттестатына ээ болду.

Жыл жыйынтыгынын неизинде алгылыктуу иш алып барган жетекчилерге билим берүү бөлүмүнүн  Ардак грамоталары тапшырылды.

 

Каракол шаары

Билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Асель Токтакунова