Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Сууда ОПКнин көчмө окуу-семинары болуп өттү

      Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин иш планынын негизинде   билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын жана иш берүүчүлөрдүн укуктук-ченемдик актылары жөнүндөгү билимдерин жогорулатууга карата профсоюздук окуу семинар 2016-жылдын 8-апрель күнү Кара-Суу районуна караштуу № 66 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин базасында болуп өттү.

          Семинардын ишине  77 мектеп, мектепке чейинки мекемелердин директорлору, рай БББнүн эсепчилер, 139 баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, търайымдары, жалпысы 216  профсоюз мүчөлөрү  катышты.

         Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин жооптуу кызматкерлери жакшы даярдык менен келишип семинарды жогорку денгээлде өткөрүштү.

         Күн тартибинде: -иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана  милдеттери;

                                       - эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо;

                                       - кадрлык кызматтын иш кагаздарынын уюштурулушу  жөнүндө;

                                       - социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3 тараптуу 

                                         жаматтык келишимдер жөнүндө;

                                       - кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу жөнүндө;

                                       - убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык

                                         сөөк коюу боюнча пособиянын төлөнүшү жөнүндө;

          Семинардын жүрүшүндө залдан жазуу түрүндө  түшкөн суроолорго,  жеткиликтүү жооптор берилди, семинар   өз максатына жетти.