Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Сууда мугалимдердин кесиптик майрамы өзгөчө шаӊ менен белгиленди

       2016-жылдын 5-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында белгиленди.

   Майрамдык жыйынга Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Матраимов  Тилекбек Исмаилович , акимдин социалдык иштер боюнча орун басары Жороева Мехринса Өсөровна жана 300дөн ашык райондогу   алдыӊкы чыгармачыл мугалимдер, мугалимдердин арасынан «Баатыр эне»  наамын алгандар жана ардагер  мугалимдер катышты.

    Жыйындын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин,  мыктысы төш белгилери жана «Ардак» грамоталары, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча  ыйгарым өкүлчүлүгүнүн, Ош областык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин, Ош билим берүү институтунун, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн,  Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  «Ардак» грамоталары, акчалай жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.

    КРнын Билим берүү жана илим министрлигини тарабынан өткөрүлгөн «Жылдын мыкты айыл мектеби-2016» республикалык кароо-сынактын жеӊүүчүсү болуп 1 орунду ээлеген райондогу Дадан Султанов атындагы жатак мектебине 20 миӊ сом, «Жылдын мыкты мугалими -2016» республикалык кароо-сынакта 3 орунду ээлеген райондогу Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулжамал Раевага 15 миӊ сом акчалай сыйлык Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Матраимов  Тилекбек Исмаилович өзүнүн фондунан берди.

   Жыйындын соӊунда «Баатыр эне» наамын алган мугалимдерге  жана ардагер  мугалимдерге Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан сый-тамак уюштурулуп, майрамдык майрам тартууланды.