Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КАРА-СУУДА ЖАҢЫ ТӨРАЙЫМ

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областындагы Кара-Суу райондук комитетинин пленуму болуп, ал уюштуруу маселесин карады. Пленум Исраилова Нуржан Абдираимовнаны билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрайымы кызматына бир добуштан шайлады.

Н.А.Исраилова 1964-жылы 15-августта туулган, кыргыз, билими жогорку, 1990-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1983-1989-ж.ж. Ош автомобиль айдоого окутуу комбинатында усулчу болуп иштөө менен баштаган. 1989-2000-ж.ж. Ош областынын Кара-Суу районундагы № 51 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде кыргыз тили адабияты мугалими, мектеп директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары болуп иштеген. 2000-2007-ж.ж. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө адис, 2007-2008-ж.ж. Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси, 2008-2011-ж.ж. кайрадан Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө адис, 2011-2016-ж.ж. Р.Халбаев, 2016-2017-ж.ж. А.Навои, 2017-2018-ж.ж. кайрадан Р.Халбаев атындагы орто мектептеринин директору кызматтарда эмгек өтөгөн. 2019-жылдан тартып 2020-жылдын ноябрь айында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.

Ал көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, “Курманжан датка” медалы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Суу райондук комитетинин “Жылдын мыкты айымы” Ардак наамына арзыган.   

Үй-бүлөөлүү, 2 кыз, 1 уулду тарбиялоодо. 6 неберенин ардактуу чоң апасы жана таянеси.

Урматтуу Нуржан Абдираимовна! Сизди республикадагы эң ири райондун билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымдык жооптуу жана түйшүктүү кызматына шайланышыңыз менен Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы,  Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттериндеги кесиптештер, Ош областынын жалпы профсоюздук активи ак ниеттен куттуктайбыз, Сизге бекем ден соолук,   жетекчилик кызматка ийгилик,  үй-бүлөдөгү бакты-таалайды тилек кылабыз.