Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу РПК 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды

      2017-жылдын 15-декабрь күнү  Билим берүү кызматкерлеринин  райондук профсоюз комитетинин   Х Пленуму болуп өттү. Пленумга Пленум,  Текшерүү комиссиясынын мүчөлүрү жана чакырылган коноктор  катышты.

      Күн тартибиндеги 1 маселе боюнча   3 Пленум мүчөсү жана 1  Президиум  мүчөсү өз арыздарынын негизинде Пленум жана Президиум мүчөлүгүнөн бошотулду.

     Күн тартибиндеги 2 маселе боюнча РПКнын төрагасы 2017-жыл ичинде аткарган иши боюнча маалымат берди. Талкууга чыгып сүйлөгөн  Пленум мүчөлөрү  РПКнын бир жылдык аткарган ишин канааттандырарлык деп баасын беришти.

     Күн тартибиндеги 3 маселе боюнча: 2017-жылдын 4-апрелиндеги РПКнын  Президиумунун  № 1-9 токтомуна ылайык «Жылдын Бакайы», «Жылдын Мырзасы», «Жылдын Даткайымы», «Жылдын Айымы» аттуу кароо-сынактардын жыйынтыктары чыгарылды.

    Кароо-сынакты жыйынтыгын чыгарууда комиссия мүчөлөрү  иш берүүчүлөрдү, өнөктөштөрдү жана алдыӊкы профсоюз кызматкерлерин  анализдеп өз жыйынтыгын чыгарды.