Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунун базасында областтык семинар болуп өттү

2016-жылдын 16-март күнү Ош областык  билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин демилгеси менен  Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин базасында эмгек акылардын, сапар чыгымдардын, кошумча  үнөмдөлгөн (экономдолгон ) акча каражаттардын, кароолдорго төлөнүчү кошумча эмгек акыларын туура төлөнүшү  боюнча областык семинар  болуп өттү. Семинардын ишине Ош областык  билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлери жана бардык райондордун  РПКдин төрага төрайымдары, билим берүү бөлүмдөрүнүн башкы эсепчилери, үнөмдөөчүлөрү ( экономистери) катышышты.

     Семинардын жүрүшүндө Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси менен  экономисти өздөрүнүн иш тажрыйбалары боюнча маалымат беришти.

    Жыйынтыгында кызуу талкуу (толкования) узакка созулуп  келген коноктор өздөрүнүн ой-пикирлери менен тажрыйба алмашышып, семинар өз максатына жетти.