Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда Ош областык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин көчмө семинары болуп өттү

    2017-жылдын 20-апрель жана 27-апрель күндөрү мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары менен Ош областык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин планынын  негизинде  көчмө семинары   уюштурулду.

    Семинарга  Ош областык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин  уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Аттокуров Мамбет Аттокурович жана эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча инспектору Ажимаматов Эшполот Ажимаматовичтер даярданып келишип ,  баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын жана иш берүүчүлөрдү укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатуу максатында тайпаларга бөлүнүп, карточкалар таркатылып суроо-жооптор менен бышыкталды.

   Семинардын жүрүшүндө:

   - иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери,

  - эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо төмөнкүдөй суроолорго.

  - кадрлык кызматтын иш кагаздарды уюштуруу жөнүндө.

  - социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3 тараптуу жамааттык келишимдер жөнүндө.

  - кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу жөнүндө.

  - убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу боюнча пособияны төлөнүшү жөнүндө деген темалардын айланасында суроолорго  тактык киргизилди.