Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы

           2016-жыл «Туризим жана маданият» жылына карата мугалимдердин райондук  спартакиадасы спорттун  6  түрү боюнча ( волейбол, мини-футбол, стол тенниси, ордо, тогуз-коргол жана шахмат ) 2016-жылдын 24-апрель күнү Кара-Суу шаарында жайгашкан Бабур атындагы орто мектебинин базасында болуп өттү.  

           Спартакиаданы өткөрүү боюнча областтык билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин Президиумунда бекилдген Жобонун негизинде, райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашылып  Жобо иштелип,  райондук  профсоюз комитетинин  Президиумунда бекитилди. Спартакиада башталышына бир жума калганда калыстар тобу менен отурум (заседания) өтүлүп, милдеттер так бөлүштүрүлдү, керектүү болгон шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар берилди.

           Спартакиаданын райондук этабына аймактардан жеӊүүчү болгон 300 дън ашык билим берүү  мекемелеринде эмгектенип жаткан кызматкерлери катышты. аларга  тамак-ашы, жеӊүүчүлөргө кубок, медель, диплом жана баалуу белектер. Билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин бюджетинен жумшалды.