Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жыл жыйынтыгын чыгарды.
2015-жылдын 16-декабрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жыл жыйынтыгын чыгарган Пленуму болуп өттү. Пленумдун ишине Ош облаттык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Ө. Жороева жана Пленум мүчөлөрү толугу менен катышышты.
Күн тартибине койулган маселелер каралып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин 2015-жылдын 15-декабрындагы Президиумунун № 4-4 токтому менен «Жылдын Бакайы-2015», «Жылдын Мырзасы-2015», «Жылдын Датка Айымы-2015», «Жылдын Айымы-2015» наминациялары боюнча кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Пленумдун жүрүшүндө женүчүлөргө белектер тапшырылды.