Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети Кыргызстан « Профсоюздар күнүн» белгиледи
2015-жылдын 19-октябрь күнү Ак-Таш айыл аймагында жайгашкан №74 А. Шеркулов атындагы орто мектебинин базасында пландын негизинде семинар –окуу өткөрүлдү. Семинар-окууга катышкан мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин баштапкы профсоюз уюмдарынын 161 төрага, төрайымдарына 500 сомдон, ал эми РК профсоюздун 33 Пленум мүчөлөрүнө 1000 сомдон Кыргызстан «Профсоюздар күнүнө» карата сыйлык берилди.
Ушул күнү Кыргызстан «Профсоюздар күнүнө» карата маданий-массалык иш чара да уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө 2015-жылы жарыяланган «Жылдын мыкты профсоюз каанасы-2015» кароо-сынактын жеӊүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Кароо-сынак 2 этап менен өткөрүлдү, 1 этап аймактарда, 2 этап райондук деӊгээлде. Райондук этапка 14 мектептин профсоюз каанасы сунушталып, аларды райондук комиссия 6-7-октябрь күндөрү графиктин негизинде жеринде карап өзүнүн жыйынтык чыгарды. Жеӊүүчү болгон № 43 Агартуу орто мектебинин профсоюз каанасы 1 даражадагы Диплом 5000 сом акчалай сыйлык жана вымпел, 2 орунду ээлеген № 79 А. Чолпон а.о.м. 2 даражадагы Диполм 3000 сом, 3 орунду ээлеген № 28 Учар о.м. 3 даражадагы Диплом 2000 сом жана 5 мектептин профсоюз каанасы 1000 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан тышкары жакшы иштеген профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары, КРнын Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин сыйлыктары менен сыйланышты.
Кара-Суу райондук билим берүү
кызматкерлеринин профсоюз
комитетинин төрагасы П. Жакыпов