Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин IХ Пленуму 2016-жылдын 16-декабрь күнү болуп күн тартибине койулган 4 маселе толугу менен каралды.
1. Уюштуруу маселеси.
Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин Пленум мүчөлөрүнөн өз арызы менен 4, Президиум мүчөлөрүнөн өз арызы менен кеткен 2 мүчөнүн ордуна өзгөртү киргизилип толукталды.
2.Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иши жана үч тараптуу келишимдердин айыл аймактары тарабынан аткарылышы жөнүндө кеӊири талкуу болду.
Жыйынтыгында Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иши канааттандырарлык деп табылды.
3.КРнын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин БК 2015-жылдын 11-сентябрындагы 1 пленумунун № 1-4 токтому менен бекитилген Типтүү жобону кабыл алуу. Типтүү Жобо бир добуштан кабыл алынды.
4. Кароо-сынактын жыйынтыгын чыгаруу.
“Жылдын Бакайы-2016 “, “ Жылдын Мырзасы -2016”, “Жылдын Даткайымы-2016” , “ Жылдын Айымы-2016” кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
”Жылдын Бакайы-2016 “номинациясы - Сарай айыл аймагынын башчысы Турдубаев Замирбек Тургунбаевичке жана Х.Тажиматов а.о.м. директору Пайзилдаев Муктарга ыйгарылды.
“Жылдын Мырзасы -2016” номинациясы –№25 Т.Өмүрзаков а.о.м. профкому Абдувахапов Розивайга жана № 100 Кызыл-Кыргызстан о.м. профкому Мадумаров Абдуманапка ыйгарылды.
”Жылдын Даткайымы-2016” номинациясы № 51 Ю.А.Гагарин а.о.м. директору Исраилова Давлатка жана № 86 Курманжан датка а.о.м. директору Бөрүбаева Гүлсүнгө ыйгарылды.
” Жылдын Айымы-2016” номинациясы - № 77 Х.Хамза а.о.м. профкому Искандарова Дилфузага жана № 4 “Айданек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Атабаева Дилфузага ыйгарылды.