Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин август кеӊешмесинин өткөндүгү боюнча маалымат
Кара-Суу шаары 23-август 2014-жыл.
Катышкандар: КР ЖК депутаттары К.Осмоналиев, З.Жоошбеков, А.Султанов жана областтык, райондук мекеме уюмдардын жетекчилери, айыл аймагынын башчылары жана мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерден келген 400 делегат.
Күн тартибинде
1. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 2013-2014-окуу жылы ичинде аткарган иши боюнча баяндама.
2. Райондогу мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерди жаӊы 2014-2015-окуу жылына карата өз убагында сапаттуу даярдоо боюнча кароо-сынактын жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө.
3. Ош областтык билим берүү кызматкерлеринин август кеӊешмесине делегаттарды көрсөттү.
Угулду: 1-маселе боюнча: Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Назаров 2013-2014 окуу жылынын жыйынтыгы, жетишкендиги боюнча 20 минута баяндама жасады.
2 - маселе боюнча: Райондогу мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерди жаӊы 2014-2015-окуу жылына карата өз убагында сапаттуу даярдоо боюнча Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 28-майындагы № 102-б буйругун негизинде кароо-сынак типтүү, типтүү эмес, негизги мектептер жана бала бакчалар боюнча өзүнчө жыйынтык чыгарылып буйрукта көрсөтүлгөн «Ардак громата» менен 115 миӊ сом акчалай сыйлык 1-2-3 орунду ээлеген жеӊүүчү болгон мекемелерге тапшырылды.
Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан 4 мугалимге «Ардак грамота» жана кол саат белекке берилди. Мындан тышкары «Үлгүлүү мектеп» номинациясын жеӊип алган Шарк айыл аймагында жайгашкан Мусаев а.о.м, жана Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Омарбек датка а.о.мектептерине Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ала-Тоо пансионатына акысыз жолдомо ( путевка ) берилди.
Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерди жаӊы 2014-2015-окуу жылына карата өз убагында сапаттуу даярдоодо өзгөчөлөнгөн 51 мектеп, мектепке чейинки мекемелердин жааматарына 81500 сом акчалай сыйлык жана «Ардак грамоталар» тапшырылды.
Кара-Суу райондук билим берүү
кызматкерлеринин профсоюз
комитетинин төрагасы: П.Жакыпов