Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда Пленум өткөрүлдү

Пленум 2.03.2021-ж Ленин атындагы орто мектептин жыйындар залында өткөрүлдү. Кара-Суу РПК нын төрайымы Н.Исраилова квормдун жетишээрлик болгондугуна байланыштуу колго салып ачты жана күн тартибин, регламентин  бекитти.

 

Күн тартибиндеги I маселе боюнча РПКнын Пленум мүчөлөрүнүн курамын толуктоону карап, үч жаңы мүчөнү курамга киргүзүнү  сунуштап, колго салып шайлашты.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча РПКнын 2020-жылы үчүн аткарган иштеринин  жыйынтыгы   жөнүндө РПКнын  төраймы доклад  жасады.

Докладты талкуулоо боюнча Пленум мүчөлөрү жарыш сөзгө чыгып сүйлөшүп, аткарылган иштерге оң  баа  беришип, алдыдагы  аткарыла  турган  иштерге  токтолушуп, Пленум  мүчөлөрүн   өздөрүнө  тагылган милдеттерин так аткарууга  жана активдүүлүктү  көрсөтүүгө  чакырышты. Пленумдун ишине областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, Кара-Суу  райБББнын башчысы Г. Машраповалар  катышып, сөзгө чыгышып  пандемия шартында райондук кесиптик бирлик  комитети   жана ОПК тарабынан  билим  берүү кызматкерлерине ар тараптуу жардамдарды жана көмөктөрдү берилгендиги жөнүндө айтышты жана кээ бир аткарылбай калган иш чаараларды быйылкы жылы жогоркуу денгээлде өткөрүнү сунушташты.

Пленумдун соңунда  С. Тойгонбаев  жигердүүлүктү көрсөтүшкөн айрым РПКнын  Пленум мүчөлөрүнө ОПКнын Ардак  грамоталарын  тапшырды.