Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда мугалимдердин райондук Спартакиадасы

     2018-жылдын  15-апрель күнү Кара-Суу шаарында жайгашкан № 67 З.М.Бабур атындагы орто мектебинин  базасында спорттун 6 түрү боюнча 300дɵн ашык билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда мугалимдердин райондук спартакиадасы  болуп ɵттү.  

     Мугалимдердин райондук Спартакиадасынын Жобосу иштелип чыгылып, райондук билим берүү бɵлүмү менен макулдашылып, РПКнын Президиумунда бекитилди.

    2018-жылдын 10-апрель күнү спорттун 6 түрү  боюнча  калыстар такталып аларга инструктаж берилип бекитилди.

   Мугалимдердин спартакиадасы адегенде аймактарда ɵткɵрүлүп,  райондук этапка аймактардан түзүлгɵн  курама командалар  катышышты.  

   Райондук мугалимдердин спартакиадасы катышуучулары аймак-аймак болушуп лозунгаларын кɵтɵрүшүп, спорт формасында парат жүрүштɵн ɵтүшүп  белгиленген жерге келип турушуп, КРнын Гимни ойнолуп,  КРнын  желегин кɵтɵрүлүү менен ачылды.

   Спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылып,  жеӊүүчүлɵр кубок, медаль, диплом, баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле катышуучуларга Кара-Суу РПКнын эсебинен акысыз тамак уюшулду. Акырында КРнын желеги түшүрүлүү менен мугалимдердин райондук спартакиадасы жабылды.