Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Кулжада окуу-семинары өткөрүлдү

Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тарабынан Кара-Кулжа районунда мектеп директорлорун, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасынын эсепчилери, экономисттери жалпы 80 кызматкер катышкан окуу-семинар 2023-жылдын 23-ноябрында райадминистрациясынын чоң залында  өткөрүлдү.

Окуу семинарда кызматкерлерди ишке кабыл алууда эмгек келишимдерин туура түзүү, иштен бошотуунун жол-жоболору, зыяндуу жумуштарга кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү, үч тараптуу жамааттык келишимдердин түзүлүшү жана аткарылышы, КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №181 токтомуна ылайык эмгек акылардын туура эсептелиниши, убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу боюнча жөлөк пулдардын төлөнүшү, айыл аймактарынын бюджеттеринен социалдык маселелерге жардамдарды көрсөтүүгө каражаттарды бөлдүрүп алууга жетишүүнүн, эмгекти коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору жөнүндө укуктук-ченемдик актыларга ылайык түшүндүрмөлөр берилди. Окуу-семинар талкуулоо, бышыктоо менен коштолуп, суроо-жооп ирээтинде өткөрүлдү.

Катышуусулар иш-чарада кызматкерлердин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоодо өтө пайдалуу базалык билимдерин толуктагандыктарын айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Окуу-семинар областтык комитеттин жооптуу кызматкерлери жана Кара-Кулжа райондук комитетинин төрайымы менен бирдикте өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ош областык комитети