Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдө мугалимдердин спартакиадасы өттү

Мугалимдер арасында "Ден соолук - 2018" спартакиада - шерине өттү. Мугалимдер арасында сергек жашоо образын пропагандалоо жана ынтымакты бекемдөө үчүн уюштурулган. Бул иш-чараны шаардык профсоюздук комитет тарабынан өткөрүлдү.  Хуриев атындагы 5-орто мектебинин жамааты (директору Аттокурова Жаңыл Нуржановна) уюштурду. Мектеп коллективи жогорку деңгээлде даярданып, спорттук оюндун төрт түрү боюнча мелдеш өттү. Мектеп жамааты жана шаардык профкомитет тарабынан дипломдор, грамоталар, белектерди тапшырылды.  ШБББнүн башчысы А. Мырзалиева  жана шаардык комитеттин төрайымы А. К. Каракозуева ачылышында сөз сүйлөп, шеринеге ийгилик каалады. Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орунга Фрунзе атындагы 3-мектептин, 2-орунду Шопоков атындагы 4-мектеп, 3-орунду Хуриев атындагы 5-орто мектебинин спортсмендери ээлешти. Ал эми  теннис боюнча 1-орунга Токтогул атындагы 1-мектептин, 2-орунду Фрунзе атындагы 3 -мектеп, 3-орунду Хуриев атындагы 5-орто мектебинин спортсмендери ээлешти. Ордо боюнча 1-орунга Темиров Туралы атындагы 6-мектептин, 2-орунду Тулобердиев атындагы №2 -мектеп, 3-орунду Токтогул атындагы 1-орто мектебинин спортсмендери ээлешти . Мелдештин жыйынтыгында шахмат боюнча 1-орунга Токтогул атындагы 1-мектептин, 2-орунду Темиров Туралы атындагы  №6 -мектеп, 3-орунду Тулобердиев атындагы 2-орто мектебинин спортсмендери ээлешти .

Эң мыкты волейбол оюнчусу болуп Болотбек уулу Нуржигит жана Чукунова Орун тандалышты.  Эң мыкты калыстыкты көрсөткөн Калилова Дилбар. Эң мыкты жаш оюнчулар Өмүрзаков Бексултан, Мирзаираим кызы Улара , Эрнис уулу Айбат, Карабекова Керез, Мамбетова Бактыгул болуп, сыйлык грамота алышты. Эң мыкты оюнчулардын катарын Саадабаев Улан, Мүсүралиев Байыш, Коккозова Назгул, Ооганова Эркинай толукташты жана грамотага татыктуу болушту.  Ардагер спортсмендери Осмонбеков Пахтакеч, Чукунова Орун, Сарпашов Бекжан, Алдакенова Атырларга акчалай сыйлыктар берилди.  Бул иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп кесипкөйлүгүн көрсөтүшкөн мектептин директору Ж. Н. Аттокуровага, агайлар Оомбаев Ильич, Чокоев Камалдин, Карыпбаев Алмаздарга ыраазычылык билдирилди.