Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көлдө балдардын “Биздин балдар-планетанын келечеги” деген парады болду

Кара-Көл шаарында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата "Биздин балдар – планетанын келечеги" аттуу тематикалык балдардын парады болду. Бул саамалыкты шаар мэрии Еркеев Ильяс Марсович ачып берди. Балдарга мэрдин атынан майрамдык белектерди жана ар бир балага бал муздак таркатылды.

“Биздин балдар – планетанын келечеги” аттуу парад жана “Жомоктордүйнөсү” атту шоу программаменен мектептердин башталгыч класстарынын окуучулары жана бакчалардын тарбиялануучулары чыгышты.. Алар  1-июнь күнү өздөрүн эң бактылуу, коомго керектүү инсан катары өздөрүн кадимки жоопкерчиликтүү адам катары сезип, катуу марш менен кооз кийинген , сыймыктануу менен параддан басып өткөн келечек муунду көргөндө, чоң адамдардын кубанычы чексиз болду.