Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Какиш Рыскулова 100 жашта

Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Какиш Рыскулованын 100 жылдыгына арналган конференция Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында болуп, кылым карыткан сыймыктуу жердешибизди кылым карыткан кутман курагы менен райондук мамлекеттик администрация жетекчилери куттукташты. Кыргыз медицинасынын корифейлери чогулган бул иш-чарада Какиш Рыскуловага жакшы сɵздɵр айтылып, ден соолугуна байланыштуу ɵзү катыша албагандыктан баалуу белектер кызы Анарага тапшырылды.

Какиш Рыскулова 1918-жылы Ысык-Ата районунун Четинди, азыркы Карагай-Булак айылында туулган. Ал медицина тармагына албан эмгек сиӊирип, кыргыз кыздарынан алгачкы академик наамына ээ болгон. Учурда Кант шаарындагы №2-гимназия орто мектеби анын атын алып жүрɵт. Иш-чаранын алкагында аталган мектептин окуучулары Какиш Рыскулованын ɵмүр-таржымалын чагылдырган чакан сценка коюшуп, кылым карыткан энеге аруу тилек менен чын жүрɵктɵн айтылган каалоолорун жолдошту.

Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн куттуктоосун анын орун басары Ализа Солтонбекова жеткирип, «Кеменгер» ардак белгисин жана баалуу белегин тапшырды. Сыймыктуу жердешибизди райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин куттуктоосун орун басары Айша Орозобекова жеткирип, Ардак грамота жана баалуу белектерин тапшырды. Акимдин куттуктоосунда:

 «Кыргыз аялзатынын ичинен чыккан алгачкы медицина илимдеринин доктору, бүгүн медицина тармагына гана эмес бүтүндɵй кыргыз элине белгилүү дарыгер, жердешибиз, эжебиз, апабыз Какиш Рыскулова кылым карытып, жүз жашты багынтып маӊдайыбызда отурганы биз үчүн чоӊ сыймык.  

Эжебиздин кыргыз элинин саламаттыгына кошкон салымы ɵтɵ жогору. Ал дарыгерлик кесипти аркалоодо бир имараттын ичинен чыкпай бейтаптарды кабыл алып иштеген эмес, учурунда медицина бизде жаӊыдан ɵнүгɵ баштаганда ɵлкɵбүздүн алыскы аймактарына барып, ɵзү жаш болсо да медицина кызматкери катары чоӊ жоопкерчиликти мойнуна алып, калктын саламаттыгынын камын кɵрүп жɵɵ-жалаӊ жер кезип эмгектенген. Ар бир бейтапты оорудан аман алып калганы, кебездей жумшак колу, Умай энелик касиети миӊдеген адамдардын алкоосуна татып, алардын ак батасынын таасиринен улам эжебиз бүгүн минтип бактылуу адамдардын катарында кылым карытып жашап келет деп айтсак болот.

 Кыргыз элинин чыгааны кыздарынын кɵзгɵ басымдуусу Какиш апабыздын ɵмүр жолун тизмектеп отурсак азыркы муунга, бизге жомок сыяктуу сезилет. Учурунда Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кан кечкен жоокерлердин бир тобун ɵлүмдɵн алып калганын да баса белгилеп айтып кетпесек болбостур. Апабыздын элдин саламаттыгы  үчүн жасаган зор эмгеги учурунда бааланып, кɵптɵгɵн мамлекеттик сыйлыктардын ээси болду, ошентсе да баарынан жогору турганы элдин  ыраазычылыгы болсо керек. Кезегинде Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Какиш апабыздын тарбиясын алып, медицина сырын үйрɵнгɵн шакирттери бүгүнкү күндɵ аты алыска кеткен дарыгерлер экенин билебиз.

Сыймыктуу жердешибиздин эмгеги биз үчүн да чоӊ сыймык, ɵсүп келе жаткан муунга үлгү. Кант шаарындагы №2-гимназия орто мектеби Какиш Рыскулованын атын алып жүргɵнү буга далил. Анын кылымга аты таанылган, жибектей жумшак эмдүү колунан канчалаган оор операциялар жасалып, адам ɵмүрүн кайтарган мыкты дарыгер катары чоӊ урмат-сый, тереӊ таазимге ээ.

Какиш апа, сизге мындан ары да бекем ден соолук каалайбыз. Бактылуу карылыкты баштан кечирип, эл ичинде аман болуӊуз. Сиздин эмгегиӊиз элдин эсинде түбɵлүк сакталат. Сиз Ысык-Ата районунун гана эмес, бүтүндɵй кыргыз элинин сыймыгына жаралган инсансыз. Бар болуӊуз!” деп айтылат.

Иш-чарада айылдаштары, Какиш эненин колунан тарбия шакирттери чыгаан хирургдун мыкты сапаттарына, адам ɵмүрүн сактап калууда жасаган эмгектерине токтолушуп, жакшы сɵздɵрүн арнап, кттуктоолорун жолдошту.

Айзада Кɵчкɵнбаева