Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кайрадан ишеним көрсөтүштү

   2018-жылдын 2-март күнү Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы  болуп  өттү.

  Анда 2013-2018-жылдагы райкомдун жана текшерүү комиссиясынын отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштери талкууга алынды.     

  Райондук комитеттин отчету менен төрага З.Ажыбаев чыгып сүйлөп, отчет мезгилинде жүргүзүлгөн иштер жөнүндө кеңири маалымат берди. Конференцияда райкомдун, текшерүү комиссиясынын  жаңы тутумдарын, президиум мүчөлөрү шайланды.   

  2013-2018-жылдагы жүргүзүлгөн райкомдун төрагасы З.Ажыбаевдин  отчеттун канааттандыралык деп табышып, делегаттардын ишеними менен кайрадан бир добуштан билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад обкомунун  инспектору-А.Айдаров.