Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда жаӊы бала бакчасы ачылды

    11-май 2017-жылы Кадамжай районуна караштуу  Кыргыз-Кыштак  айыл аймагында «Көгүчкөн» бала бакчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

     Салтанаттуу ачылышка  айыл өкмөттөрдүн, бакчалардын жетекчилери, КР өкмөтүнүн Баткен областындагы  Губернатордун өкүлүнүн  орун басары, акимдин орун басары Т.Ильязова, Билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Ж.Гайбуллаев жана Кыргыз-Кыштак айылынын жергиликтүү тургундары  катышты.

     «Көгүчкөн» бала бакчасы кенен, кооз болуп төрт тайпа менен ачылды. Бала  бакчанын ачылышына ата-энелер, демөөрчүлөр чоӊ салым кошушту.

 Бакчанын директору болуп Жороев Шавкат дайындалды.