Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда «Улуттук педагогика-бүгүнкү күндүн талабы» деген темада семинар өткөрүлдү

      Кадамжай районундагы  №37 Молдо Нияз  атындагы мектеп-гимназиясында «Умай-Эне-Кут Ордо» коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Улуттук педагогика-бүгүнкү күндүн талабы» деген темада семинар өткөрүлдү. Бул иш чарага  500 окуучу, 38 мугалим, 16 келген коноктор, Айданек балдар бакчасы, 20дан ашык ата-эне катышты. Семинар мектептеги алдынкы мугалимдердин ачык сабактары менен башталды.

         5-11-класстар арасында  «Улуттук  тамак-аштардын көп турдуулугу»  боюнча көргөзмө уюштурулуп, байгелүү орундар белгиленип, ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты.  Улуттук каада салттарды кийинки муунга калтыруу, жайылтуу боюнча концерт уюштурулуп көрүүчүлөргө тартууланды. Иш чаранын журушу сахналык көрүнүш, акыйнек, бешик ырлары, макал-лакаптар, жеке номер, улуттук бийлер менен коштолду.