Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда окуу жана коллегия болуп өттү

    Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү жылынын» иш чараларынын алкагында райондук билим берүү бөлүмүнүн январь усулдук окуусу жана коллегия болуп өттү. Коллегияга  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин кызматкерлери  жана мектеп жетекчилери катышты.  Коллегияда билим берүү  бөлүмүндө 2017-жылдын 12 ай ичинде алып барган иштери тууралуу, ар бир кызмат боюнча адистер маалымат беришти.    

            Иш чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

  1.  2017-жылдын 12 ай ичинде райондун аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштар жөнүндө.
  2. Кадамжай районундагы билим берүү мекемелеринде олимпиадалык топтордун иши жана ЖРТга даярдоонун жүрүшү.
  3. Уч-Коргон айыл аймагындагы мектептерде «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата окуучуларды патриоттуулукка жана Ата-Мекенди жана өз өлкөсүн сүйүүгө тарбиялоодо иш чаралардын уюштурулушу.
  4. Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн 2017-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө.

    Коллегиянын жыйынтыгында ар бир мектептин жетекчилерине райондук профсоюз комитети тарабынан эмгек китепчесин туура толтуруу үчүн консультациялар берилип, райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-жылга иш планы жактырылып, бекитилди.